Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

ТИМ АКШнын Аскаровго сыйлык беришин айыптады


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ Мамдепартаменти тарабынан Азимжан Аскаровго «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгынын берилишине таң калууда. Бул тууралуу министрлик тараткан билдирүүдө айтылат.

ТИМ Аскаровго аталган сыйлыктын берилиши көптөгөн суроолорду жаратарын белгилеп, Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында улут аралык кастыкты козутууга, адам өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою абакка кесилгени белгиленет.

Мындан улам ага жогорку деңгээлдеги сыйлыктын берилиши Кыргызстандагы этностор аралык ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөөгө каршы аракет деп сыпатталат.

Ал эми Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар Аскаровго чыгарылган чечимди адилетсиз деп баалап келет. (МТо)

XS
SM
MD
LG