Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:40

Тартип сакчыларына салынган үйлөр августтан тарта пайдаланууга берилет


Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн салынып жаткан батирлердин алгачкыларын августтан тарта колдонууга берүү пландалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Көк-Жар кичирайонунда тогуз кабаттуу үч үй курулууда. Алардын курулушу менен таанышып жатып премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүндө иштегендерди турак-жай менен камсыздоого бардык аракеттер көрүлүп жатканын жана мындай долбоорлор дагы уланарын билдирди.

Учурда өлкө боюнча жалпы күч түзүмдөрүндө иштегендер үчүн 1,5 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынууда. Бул үчүн бюджеттен 3,2 млрд. сом каралган. (МТо)

XS
SM
MD
LG