16-июлга чейин ченемден тыш ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 36…41º чейин, тоо этектеринде 30…35°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 29…34º чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
16-июлдан 18-июлга чейин абанын температурасы жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 20...25, күндүз 35...40
Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 34...39
Баткенде түнкүсүн 19...24, күндүз 34...39
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20...25, күндүз 35...40
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32
Нарында түнкүсүн 10...15, күндүз 31...36
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 3...8, күндүзү 16...21
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүзү 38…40 градуска жетет.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги суунун температурасы 14-июлда күндүз 24, 15-июлда эртең менен 22 градус болду.