Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

ЖК депутаты 100 миң доллар пара менен кармалды


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин Х.К. аттуу депутатын 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Х.К. парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевдин ишин Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн анын жакындарынан 200 миң доллар пара сураган.

Бул иш боюнча коррупция, пара алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG