Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Укук коргоочулар ТИМге кайрылышты


Өлкөдөгү бир нече укук коргоочу уюмдар Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдоп, адам укугун жана эркиндикти коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди таануу керектигин айтышты. Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиришинче, адам укугунун баалуулугу өлкөнүн бардык органдарында маанилүү иштерден болушу керек. Ошондой эле укук коргоочулар АКШнын Мамдепартаменти тарабынан укук коргоочу Азимжан Аскаровго берилген сыйлыкты татыктуу деп таап, колдоорун билдиришти.

ТИМге даректелген билдирүүгө “Эгль”, “Кылым Шамы”, “Бир дүйнө – Кыргызстан”, Балдардын укугун коргоо лигасы ж.б. коомдук фонддор кол коюшту.

Тышкы иштер министрлиги бүгүн АКШнын Мамдепартаменти тарабынан укук коргоочу Азимжан Аскаровго берилип жаткан “Адам укуктарын коргоочу” сыйлыгын айыптап, бул сыйлык тийиштүү эмес учурда, тийиштүү эмес адамга берилүүдө – деген билдирүү тараткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG