Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Германия соту “Освенцимдин эсепчисин” 4 жылга кести


Германия соту 94 жаштагы Оскар Гроунингди 1944-жылы 300 миңдей еврейди өлтүргөн окуяга катышы бар деп 4 жылга соттоду. “Освенцимдин эсепчиси” катары таанылган Оскар Гренинг ал кезде жөөттөрдөн тартылып алынган кийимдерди иргөө жана акчаларды саноо менен алектенчү. Ошондой эле ал нацисттердин лагеринде кароолчу болгон. 14-июлдагы сотто ал ошол окуялар үчүн абдан өкүнүп жатканын айтты.

Нацисттер басып алгандан кийин 1940-45-жылдар аралыгында Польшадагы Освенцим лагеринде миллиондон ашык адам өлгөн. Анын көбү еврейлер болгон.

XS
SM
MD
LG