Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов боюнча түшүндүрмө берди


Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев бүгүн депутат Хажимурат Коркмазовдун камалышына байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал буга чейин айрым маалымат сайттарына “Нарымбаев да камалды, тиешеси бар” деп жазылгандарды жокко чыгарды.

Нарымбаевдин айтымында, Коркмазов ага келип, камактагы депутат Нариман Түлеевдин кызын кабыл алып коюусун суранган. Бирок Президенттик аппараттын жетекчиси андан баш тарткан.

Нарымбаев ага чейин Түлеевдин кызы менен атасынын жана туугандарынын камакка алынган мүлкүнө байланыштуу эки ирет жолукканын кошумчалады. (EBM)

Нарымбаев: Коркмазовдун ишине тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

XS
SM
MD
LG