Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Кытай-кыргыз чек арачыларынын кызматташуусу талкууланат


Кытай өкмөтү Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматына 300 миң юань өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөттү. Анын курамында видеокамера, ноутбук жана чек арачыларга зарыл болгон башка атайын каражаттар да бар. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигине караштуу чек ара кызматынын өкүлдөрү 15-июлда Кыргызстанга келишкен. Алар бүгүн Бишкекте эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Jannat Regency отелине белгиленген жыйында мындан аркы кызматташуу жана буга чейинки макулдашуулардын аткарылышы талкууланат.

Өткөн айда кыргыз-кытай чек арачылары “Чыгыш-2015” деген аталышта биргелешкен окуу-машыгууларды өткөрүшкөн.

Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймактар 1000 километрден ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG