Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Британия жыл акырына чейин Тегеранда элчилигин ачышы мүмкүн


Британия Ирандын борбору Тегеранда өз элчилигин жыл акырына чейин кайрадан ачууну караштырууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Филипп Хаммонддун 15-июлда парламентте айтканына караганда, элчиликти ачуу бир катар техникалык себептерге көз каранды. Бирок ал кандай техникалык себептер экендигин атаган жок.

Лондон Тегерандагы элчилигин 2011-жылы ноябрда имаратка ирандык демонстранттар чабул жасагандан кийин жапкан. Бир жыл мурда Лондон Тегеранда өлкөнүн элчилиги “бир нече айдан кийин ачыларын” билдирген.

Өз кезегинде Израил Иран менен алтылыктын ядролук программа боюнча 14-июлдагы келишимин "тарыхый масштабдагы катачылык" деп атады жана “Иран ядролук куралга кепилденген жолду” ала турганын айтууда.

Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хаммонд бүгүн парламентте шаршемби күнү Израилге учуп кетээрин, сапардын максаты Израил бийликтерине келишимдин маңызын түшүндүрүү экендигин билдирди.

Иран жана АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия Ислам жумуриятынын ядролук программасы боюнча келишимге 14-июлда кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG