Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Кашмирде чек арачылардын атышуусунан бир аял мерт кетти


Пакистан менен Индиянын ортосунда чек ара тилкеси тактала элек айтылуу Кашмир өрөөнүндө эки өлкө аскерлери атыша кетти. Анын натыйжасында жай тургундар арасынан бир аял каза тапканын жергиликтүү булактар жазып чыкты. Аялдын өлүмүнө пакистандык аскерлер жарылуучу зат колдонгону себеп болгону айтылууда.

Индиянын чек ара кызматы билдиргендей, жаңжал пакистандык аскерлер чек араны коргоп турган индиялык жоокерге ок чыгаргандан соң тутанган. Ал эми пакистандыктар буга индиялыктарды күнөөлөп жатат. Окуя 15-июлда түштөн кийин болду.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди эки күн ичинде жаңжал чыккан аймакка барат. (SE)

XS
SM
MD
LG