Буга алардын жер үлүштөрүнүн жоктугу себеп болду. Ал эми Сары-Могол айылы 2004-жылы Тажикстандан Кыргызстанга кайтарылып алынгандыктан элге үлүш бөлүнбөй калган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Алай районунун акими Таалай Сарыбашов билдирди.
“Жер бөлүштүрүү 1998-жылы токтогон. Ошон үчүн алар жер алалбай, пенсияга чыга албай жаткандары анык. Биз жер үлүшүн берүүнү токтоткон мыйзамга өзгөртүү киргизип бергиле деп депутаттарга кайрылганбыз. Андай кыла алышпаса да, ушул айылга атайын токтом менен жер бергиле деп өкмөткө кайрылдык. Ал жерде мамлекеттин 15 миң гектардай жери бар. Бирок аны атайын мыйзам болбосо бере албайбыз”, деди Сарыбашов.
Бүгүн Алай районунун Сары-Могол айылынын 30дай тургуну митингге чыгып, аларга үлүш жер бөлүп берүүнү талап кылышкан. (МТо)