Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

Обама менен Путин Ирандын ядролук программасы боюнча келишимди талкуулады


АКШ президенти Барак Обама шаршембиде Орусия президенти менен Иран жана алтылыктын ортосунда жетишилген ядролук программа боюнча келишимди телефон аркылуу талкуулады. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат кызматы билдирди.

Обама Владимир Путинге дээрлик 20 ай убакытты алган тынымсыз сүйлөшүүлөрдүн арты менен түзүлгөн келишимдеги Орусиянын маанилүү ролу үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар келишим Ирандын ядролук курал жасоосуна чек койгон тарыхый чечим болгонун белгилешкен.

АКШ жана Орусия президенттери ядролук программа боюнча келишимди ишке ашырууда чогуу аракеттенүүнү макулдашкан жана аймактагы, өзгөчө Сирияда түзүлгөн курч кырдаалды жайгаруу боюнча биргелешип иштөө ниетин билдиришкен.

Ак үйдүн маалымдашынча, Обама Путин менен телефондө өлкө ичиндеги сапары маалында учактын бортунда баратып сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG