Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:08

“Боинг” учагындагы кырсыкта өлгөндөрдүн жакындары Стрелковду сотко берди


Былтыр Украинанын үстүнөн учуп баратып кырсыкка кабылган “Боинг” учагында 298 адам болгон. Алардын жакындары Украина чыгышындагы жикчилдердин “Донец элдик республикасынын” ошол кездеги коргоо министри Игор Гиркиндин үстүнөн АКШ сотуна арызданды. Игор Гиркин Стрелков деген ат менен таанымал.

Доо арызды авиакырсыкта өлгөн 18 адамдын жакындары берген деп жазат The Telegraph басылмасы. Алар Игор Гиркинди жүргүнчү учакты атып түшүрүү үчүн буйрук берген, жардам көрсөткөн, же ракетаны аткандарды ушул кылмышка түрткөн, уюштурган деп айыпташууда. Алардын пикиринде, “Боинг” учагын аткан ракета Украинага Орусиядан алынып келинген. Доо арыздын суммасы 900 миллион доллар. Бул иштеги адвокаттын айтышынча, доо арыз акча үчүн эмес, эл аралык сотто Гиркинден жооп алуу жана Орусияга басым көрсөтүү үчүн берилди.

Былтыр 17-июлда Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун аймагында 298 кишиси менен малайзиялык “Боинг 777” учагы атып түшүрүлгөн. Эл аралык коомчулук аны аймакка көзөмөлдүк кылган орусиячыл жикчилдер атып түшүрдү деп шектенип жатышат. Орусия жана жикчилдер мындай айыптоону жокко чыгарып келишет.

XS
SM
MD
LG