Күндүн кескин ысыганына байланыштуу мөңгүлөр эрип, айрым көлдөрдө суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Ошондой эле, Чүйдөгү Ала-Арча суусу көбөйүп, жээгинен чыгууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмүнүн кызматкери Элмира Шерипова билдирди.
“Буга байланыштуу эс алуучуларды жана туристтерди Ала-Арча суусуна жакын барбоону, түшпөөнү эскертебиз. Учурда суу ташып, жээгиндеги инфраструктураларга коркунуч жаралууда”, деди Шерипова.
Ал эми аба ырайынан улам көлдөр канчалык коркунуч туудурары тууралуу ӨКМде азырынча маалымат жок. Июль айынын аягында өлкө аймагындагы көлдөрдү вертолет менен кыдырып, абадан текшерүү иши жүрөт.
Ушу тапта Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча абанын температурасы 45 градуска чейин көтөрүлүүдө. Мындай аба ырайы эртеңкиге чейин уланат. (МТо)