17-июлда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Мындай жагдайда денени күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күн алдында көпкө жүрбөө, дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
16-июлдан 18-июлга чейин абанын температурасы жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу, Аламүдүн, Жети-Өгүз райондорунун токойлорунда өрттүн орто коркунучу бар.
17-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 20...25, күндүзү 33...38
Таласта түнкүсүн 17...22, күндүзү 29...34
Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүзү 33...38
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 21...26, күндүзү 33...38
Ысык-Көлдө Чүйдө түнкүсүн 17...22, күндүзү 28...33
Нарында түнкүсүн 12...17, күндүзү 31...36
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 5...10, күндүзү 14...19
17-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы, түнкүсүн 23…25, күндүзү 36…38 градус жылуу.