Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Зомбулукка каршы ири долбоор башталат


Социалдык өнүгүү министрлиги үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту азайтууга багытталган ири долбоор баштаганы турат. Ага БУУнун атайын корунан 800 миң доллардын тегерегинде каржылык көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин Гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Бейшеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, долбоор бейөкмөт уюмдар менен биргеликте ишке ашырылат. Ал 2017-жылга чейин уланат.

- “Инновациялык чечимдер”, “Айкын багыт” коомдук фонддору, Кризистик борборлор ассоциациясы, “Сезим” кризистик борбору сыяктуу уюмдар менен бирге бул долбоорду ишке ашырабыз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери жүргүзгөн медициналык-демографиялык изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда аялдардын 34 пайызы, эркектердин 50 пайызы күйөөсү аялын урганга акылуу деп эсептейт. (SE)

XS
SM
MD
LG