Ероаймактын каржы министрлери Грециянын каржы кризисин чечүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашты. Бүгүн грек парламенти Евробиримдик талап кылган катаал реформалар боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алган. Анын ордуна Афины эл аралык кредиторлордон 86 миллиард евро насыя алмакчы.
16-июнда телеконференцияда евроаймактын министрлери ошондой эле Борбордук европалык банктан Грецияга 7 миллиард евро берүүнү макулдашты. Грециянын банктары 29-июнда жабылган жана кардарларга накталай 60 доллардан гана берүүгө чектөө киргизген.
Дүйшөмбү күнү Евромейкиндиктин лидерлери 17 сааттык сүйлөшүүдөн кийин Грецияга үчүнчү жолу насыя берүүгө жана өлкөнү евромейкиндикте кармап турууга бир добуштан макул болушкан. Афиныга насыя өлкөнү дефолттон сактап калуу жана Грециянин евромейкиндиктеги ордун жоготпоосу үчүн зарыл.