Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Азимжан Аскаровдун сыйлыгын уулу Шерзод алды


АКШ Мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго ыйгарган сыйлыкты анын уулу Шерзод Аскаров алды. Бейшемби күнү Вашингтондо сыйлык тапшыруу аземи болду. Мамлекеттик департамент өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” деп өткөн айда атайын сыйлык ыйгарган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну сындап, “бул сыйлык тийиштүү эмес учурда, тийиштүү эмес адамга берилүүдө” деген билдирүү тараткан.

Аскаров 2010-жылдагы июнь калабасын уюштурууга шектелип, өмүрүнүн аягына чейин камалган. Өзү жана эл аралык коомчулук муну адилетсиз чечим деп баалап келет.

XS
SM
MD
LG