Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

AI Еврошаркетти Өзбекстандагы кыйноолорду токтотууга чакырды


Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могериниге кайрылуу даярдап, кол топтой баштады. Анда Өзбекстанда кыйноолорго каршы колдон келген аракетти жасоо зарылдыгы айтылат.

Бул маселени Еврошаркеттин бышкы дипломаттарынын кезектеги жолугушуусунун күн тартибине киргизүү да сунушталууда. Уюмдун маалыматында, “мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген” деген айып менен камалгандар жана укук коргоочулар Өзбекстандын абактарында түрдүү кыйноолорго кабылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG