Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Атышуу болгон жерде саперлор иштөөдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин террористтерди кармоо операциясы жүргөн жерлерди милиция курчоого алып, УКМКнын тергөөчүлөрү, саперлору иштөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кылмышкерлер ким, кандай максатты көздөгөн, кайдан келген ж.б. суроолорго тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда толук жооп берилет.

Кечээ, 16-июль, кечки алты жарымдан баштап Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террористтерди кармоо операциясы өттү. Ал бир сааттан ашуун убакыт созулган. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлгөн, бешөө колго түшүрүлгөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG