Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

Жарандык активистке ыдык көрсөткөн жигит үй камагына коё берилди


Биринчи Май райондук соту жарандык активистти коркутуп, чатактын чыгышына себепчи болгон А.Жны үй камагына коё берди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жол кайгуул кызматынын эки инспектору кармалгандан кийин А.Жга да издөө салынып, 14-июлда УКМК тарабынан кармалган болчу.

28-июнда жол күзөтчүлөрү Бишкектин көчөлөрүнүн биринде бараткан унааны токтотуп, айдоочудан пара талап кылышкан. Аны активист Болот Ибрагимов видеого тартып, кандай негизде пара талап кылганын сурап жатканда инспекторлордун жанында турган жигит аларды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутат.

Кийин анын аты-жөнү Адилет Жунусов экени, жол коопсуздук кызматында штаттан сырткаркы кызматкер болуп иштери айтылган. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, көп талкууга алынууда.

Учурда Биринчи Май райондук прокуратурасы бул чечимди жокко чыгарууну өтүнүп, жогорку инстанцияга кайрылды. (МТо)

XS
SM
MD
LG