Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Сариев жарадар болгон УКМК кызматкерлери менен жолукту

16-июлда Бишкектеги контртеррористтик операция учурунда жарадар болгон УКМКнын төрт кызматкеринин абалы менен премьер-министр таанышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Антитеррористтик топтун жоокерлери менен вице-премьер Дамира Ниязалиева, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев да жолукту. Сулайманов маалымдагандай, жарадар болгон жоокерлердин абалы жакшы. Өкмөт башчы Темир Сариев аларга жардам болоору тууралуу айтты.

Кечээ кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террористтерди кармоо операциясы болуп, УКМКнын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлгөн, бешөө колго түшүрүлгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG