Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Австралия Украинадагы учак кырсыгынын жылдыгын эскерүүдө


Австралия -- Премьер-министр Тони Эботт эскерүү иш-чарасында. Канберра, 17-июль, 2015.
Австралия -- Премьер-министр Тони Эботт эскерүү иш-чарасында. Канберра, 17-июль, 2015.

Австралия туура бир жыл мурда Украинада кырсыкка кабылган малайзиялык Boeing 777 учагында курман болгондорду эскерүүдө. 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунда Malaysian Airlines компаниясынын учагы атып түшүрүлгөндө андагы 298 адамдын баары каза тапкан. Алардын арасында Австралиянын да 38 жараны бар эле.

Австралия премьер-министри Тони Эбботт бүгүн Канберрада ошол 38 жарандын аты-жөнү жазылган мемориалдык тактаны ачты. Такта турган орунга учак кулаган жердин топурагы да кошо коюлду.

Нидерланд адистери жүргүзгөн тергөө жыйынтыктарына караганда, учак апаатына Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилердин катышы бар. Тергөө учак Орусияда чыгарылган зениттик ракета менен атып түшүрүлгөн деген корутунду чыгарган.

Бирок Москва менен жикчилер бул кырсыкка тиешеси бардыгын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG