Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Операция учурунда өрттөлгөн үйлөргө жардам берүүгө убада беришти


Бишкектин Горький-Панфилов көчөсүндөгү УКМКнын атайын операциясы учурунда өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүүгө мэрия жардам берерин убада кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өрттөлгөн үйлөрдүн ээлери билдиришти.

Алардын айткандарына караганда, бүгүн баш калаа мэри Кубанычбек Кулматов окуя болгон жерге барып, жардам берерин билдирди.

“Азаттыктын” кабарчысынын баамында, эки үй короосу менен толук, дагы экөө жарым-жартылай өрттөнгөн.

Кечээ, кечки алты жарымдар чамасында УКМК террористтерди кармоо боюнча атайын операция өткөргөн. Операция учурунда гранатадан чыккан өрттөн кылмышкерлер жашынган үйдөн башка дагы төрт жайкын үй-бүлөнүн үйү күйгөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG