Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Дүйнө бир жыл мурдагы учак кырсыгынын курмандыктарын эскерүүдө


Украинанын Донецк облусундагы Грабово айылынын калкы былтыр 17-июлда атылган малайзиялык Боинг учагынын бөлүктөрү түшкөн жерге эстелик орнотту. Эстеликке бекитилген ташка "жарандык согуштун күнөөсүз курмандыктары - 298 адамдын жаркын элесине" деп жазылды.

Учак кырсыгынын курмандыктарын бул күнү Австралияда жана Киевдеги Нидерланды элчилигинин жанында да эскеришти. Кырсыкта каза тапкандар арасында Австралиянын да 38 жараны бар эле. Австралия премьер-министри Тони Эбботт бүгүн Канберрада ошол 38 жарандын аты-жөнү жазылган мемориалдык тактаны ачты. Такта турган орунга учак кулаган жердин топурагы да кошо коюлду.

2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө Амстердам - Куала-Лумпур каттамында учуп бараткан Malaysia Airlines компаниясына таандык Боинг 777 жүргүнчү учагы атып түшүрүлгөн. Андагы 298 адамдын баары каза тапкан. Алардын 196сы голландиялыктар эле.

Нидерланд адистери жүргүзгөн тергөө жыйынтыктарына караганда, учак апаатына Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилердин катышы бар. Тергөө учак Орусияда чыгарылган зениттик ракета менен атып түшүрүлгөн деген корутунду чыгарган.

Бирок Москва менен жикчилер бул кырсыкка тиешеси бардыгын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG