17-18-июлда абанын температурасы жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 19...24, күндүз 32...37
Суусамырда түнкүсүн 5...10, күндүз 27...32
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36
Баткенде түнкүсүн 19...24, күндүз 31...36
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20...25, күндүз 31...36
Ысык-Көлдө түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30
Нарында түнкүсүн 11...16, күндүз 29...34
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 35…37 градус болушу күтүлөт.