Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Орус оппозициячысы Саакашвилиге орун басар болот


Мария Гайдар
Мария Гайдар

Украинанын Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили орус саясатчысы Мария Гайдар өзүнө орун басар болорун жарыялады. Ал бүгүн президент Порошенкодон Гайдарга украин жарандыгын берүү менен кызматка дайындоону суранганын айтты. Мария Гайдар облустун социалдык маселелерин тейлемекчи. Ал президент Борис Ельциндин тушундагы Орусиянын реформачыл премьер-министри, маркум Егор Гайдардын кызы. Азыркы орус президенти Владимир Путиндин сынчысы. 2009-2011-жылдары эки жылдай Орусиянын Киров облусунда губернатордун орун басары болуп иштеген.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили май айынын этегинде Одесса облусунун башчылыгына дайындалган.

2014-жылдын февралында орусиячыл президент Виктор Янукович бийликтен кулатылгандан кийин келген украин бийлиги мамлекеттик бир катар маанилүү кызматтарга чет өлкөлүктөрдү алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG