Түштүк Казакстан облусунун борбору Чымкент шаарында бүгүн Орозо айттын урматына 10 чакты автобус калкты бекер тейлеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча жергиликтүү компаниянын жетекчисинин орун басары Бакытжан Рысбеков билдирди. Калкка колдоо көрсөтүү максатында уюшулган бул демилгени Казакстан мусулмандар дин башкармалыгынын облустагы бөлүмү көтөрүп чыккан.