Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Террорист деп атылгандардын биринин жакындары УКМКнын алдында чогулуп турат


УКМКнын террорчулукка каршы чабуулунда атылгандардын биринин жакындары сөөгүн алып кетүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында чогулуп турушат. Бирок тиешелүү кызмат анын сөөгүн бере элек.

Кечээ, 17-июлда террорист деп атылгандардын бири атбашылык кримтөбөл “Тоха” каймана аттуу Тариэл Жумагулов экени айтылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын Ача-Кайыңды айылындагы атын атагысы келбеген жакыны билдирген. Ал Жумагуловдун туугандары боз үй тигип, сөөгүн алып кетүүгө камынып жатканын айткан.

Ал эми УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов тергөө жүрүп жатканын, жыйынтыгында тек-жайы такталарын билдирген. 16-июль күнү кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террорист деп шектелгендерди кармоо операциясы болуп, УКМКнын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлүп, жетөө кармалган. (TSh/AiJ)

XS
SM
MD
LG