Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

31-июлда украиналык учкуч аялдын соту болушу күтүлүүдө


Бул маалыматты учкучтун жактоочусу Илья Новиков билдирди, бирок азырынча расмий тактала элек.

Маалыматка ылайык, 31-июлда украиналык учкуч Надежда Савченконун соту Ростов облусундагы Донецк шаарында болушу мүмкүн.

Жактоочусунун айтымында, жума күнү Савченкону Москванын СИЗО-1 абагынан Ростов облусуна которгон.

Учкуч аялдын адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, күрөөгө чыгарууну соттон өтүнүп келишет. Орусиянын Тергөө комитети аны Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптоодо. Ал эми Савченко жана Украина бийлиги аны орусиячыл жикчилдер кармап алып Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат. Украин президенти Порошенко Савченкону "Эрдик үчүн" ордени менен сыйлаган.

Надежда Савченко өткөн жылдын июль айынан бери Орусиянын абагында жатат.

XS
SM
MD
LG