Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен премьер-министр Темир Сариев Чолпон-Ата шаарында жолугат. Алар кыргыз-казак өкмөт аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулайт.
Бүгүн Сариевдин Чүй жана Ысык-Көл облустары боюнча эки күндүк иш сапары башталды. Анын жүрүшүндө Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги “Алтын-Кен” ишканасынын учурдагы абалы жана “Кемин” подстанциясынын курулушу менен таанышты. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планын талкууламакчы. (TSh)