18-июлда абанын температурасы жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 21…26, күндүз 31…36;
Суусамырда түнкүсүн 5…10, күндүз 27…32;
Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 21…26, күндүз 31…36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 16…21, күндүз 25...30;
Нарында түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8 күндүз 12…17.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 23…25 градус жылуу, күндүз 34…36 градус жылуу болушу күтүлөт.