Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

УКМК жоочу деп шектелгендердин сөөгүн жакындарына берген жок


16-июль күнү кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда УКМКнын куралдуу топту кармоо операциясы учурунда каза болгондордун сөөгү жакындарына берилген жок.

Бүгүн эртең менен каза болгон кылмышка шектүү төрт жарандын жакындары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдына "сөөктү бергиле" деген талап менен чыгышкан. Бул тууралуу ошол жерге барып келген кабарчыбыз билдирди. Каза тапкандардын биринин энесимин деген атбашылык Анаркүл Жумагулова уулу Тариэл Жумагулов эч кандай экстремисттик же кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун, бейкүнөө өлгөнүн айтууда.

Нарын шаарынын Канат Усубалиев аттуу жаран каза болгондордун арасында бар экенин жакындары билдирүүдө. Анын атасы Аман Усубалиев да баласын күнөөсүз деп эсептейт. Бирок бул тууралуу атайын кызмат маалымат берүүдөн баш тартты.

16-июль күнү кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террористтерди кармоо операциясы болуп, УКМКнын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлүп, жетөө кармалган. (TSh/AiJ)

XS
SM
MD
LG