Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:50

АКШда атышуудан беш киши набыт болду


Атышууда жарадар болгон эки деңиз полиция кызматкеринин бири алган жараатынан төрт күндөн кийин көз жумду. 16-июль күнү Чаттануга шаарында Мухаммад Юсуф Абдулазиз аттуу америкалык жаран аскерге кабыл алуу жайында ок чыгарган. Ал жерден Америка Кошмо Штаттарынын Аскерий деңиз флотунда кызмат өтөп жаткан төрт жоокер окко учуп, эки деңиз полиция кызматкери жарадар болгон.

Кол салган кылмышка шектүү жаран атышууда мүрт кеткен. Учурда атайын кызматтар окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Алдын ала маалыматка ылайык кылмышка шектүү жаран Франклин шаарынан Чаттанугага Орозо айт майрамына карата туугандарына келген.

XS
SM
MD
LG