Вице-премьер-министр Валерий Диль он пайыз киреше салыгы лотерея бизнеси үчүн төмөн экенин белгилейт. Анын айтымында, салыктын бул түрүн отуз пайызга чейин көбөйтүү керек. Бул тууралуу вице-премьер 18-июлда Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын жыйынында билдирди деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.
- Эгерде өкмөт аталган бизнеске киреше салыгынын пайызын жогорулата алса, бул бизнеске тыюу салбоо керек, – деди Валерий Диль.
Кыргызстанда лотерея сатууга жана ойнотууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга чыгарылган. Аны “Ар-намыс” фракциясынан депутат Майрамбек Расулов жана КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров сунуштаган. Кыргызстанда 15 компанияга лотерея билеттерин ойнотуу боюнча лицензия берилген. Жалпысынан билеттердин ар түрдүү 35 түрү ойнотулат. (TSh)