Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Тбилисиде Орусияга каршы акция өттү


Тбилисидеги ишемби күнкү үч миңден ашык адам катышкан демонстрацияда Орусия Абхазия жана Түштүк Осетияны аннексиялап алган деген айыптоолор айтылды. Демонстранттар Грузия өкмөтүнүн имаратынын алдында “душман менен кызматташуу токтотулсун” деген жазууларды кармап турушту.

"Интерфакстын” маалыматында, акцияда экс-президент Михаил Саакашвилинин партиясынын мүчөлөрү да жүрүштү.

Мурдараак, Орусия чек арачылары тарабынан грузин-осетин тилкеси Грузия аймагына бир канча жүз метр ичкери жылдырылганы боюнча Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Швейцария элчилиги аркылуу Орусияга нота жөнөткөн.

Орусия бул дооматты четке кагууда. Ал аталган эки жумуриятты 2008-жылдагы Грузия менен согуштан кийин өз алдынча мамлекет деп тааныганын айтып келет.

Ал эми Грузия эки өлкөнүн аймагын Орусия басып алган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG