Мамлекеттик гидрометеорология агенттигинин билдиргенине караганда, өлкө боюнча алты аймактагы токойлордо өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. Алар: Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын, Жети-Өгүз райондору.
Андыктан бул аймактардагы токойлордо өрт коопсуздугун сактоо чаралары күчөтүлүүсү, токойчулардын жана бул аймактарда жашаган жарандардын сак болуусу абзел.
Ошондой эле абанын температурасы жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. (TSh)