Ишемби күнү Чехия Тышкы иштер министрлиги иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн жоголгондордун аты-жөнү айтылбай турганын билдирди.
Ишембинин таңында Ливандын маалымат каражаттарында туристтерди издөө жүрүп жатканы, Чехия жарандары жана ливандык айдоочу өлкөнүн чыгыш аймагында уурдалышы мүмкүн деген кабар тараган.
Алардын автоунаасы Кефрая шаарына алыс эмес, Бейруттун батышындагы Сирия менен чектешкен жерде табылган. Ичинде туристтердин паспорттору, акчасы жана фотоаппараты калган.
Бул Бекаа өрөөнүндө чет өлкөлүктөрдүн биринчи жоголушу эмес. Жыл башында ушул жерден польшалык эки турист уурдалып, кийин полициянын жардамы менен бошотулган. Ал эми 2011-жылы Эстониянын жети жаранын белгисиз адамдар уурдап кетип, төрт ай барымтада кармап отурган.