Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Грецияда жаңы министрлер ант берди


Грецияда ишемби күнү өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди. Өкмөттөгү акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу жалпысынан жаңы тогуз адам келди. Мурдагы эмгек министри Панос Скурлетис эми өнүктүрүү реформасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана энергетика тармагын тейлет. Ал эми анын ордуна Йоргос Катрунгалос дайындалды. Административдик реформа боюнча министрдин биринчи орун басары болуп Христофорос Вернардакис келди.

Буга чейин премьер-министр Алексис Ципрас Евробиримдик талап кылган катаал реформалар боюнча мыйзам долбоорлоруна каршы чыккан министрлерди кызматтан кетирген.

Жума күнү кечинде Германия парламентинин депутаттары Афиныга финансылык жардам көрсөтүүнүн үчүнчү пакети боюнча Греция менен сүйлөшүүгө немис өкмөтүнө уруксат берүүнү көпчүлүк добуш менен жактырган. Аталган долбоорго Ципрастын солчул СИРИЗА партиясынан дагы айрым депутаттар каршы добуш беришкен эле.

Анын алдында евроаймакка кирген өлкөлөрдүн башчылары Грецияга насыя берүү планы боюнча алдын ала макулдашууну бекиткени белгилүү болгон. Анын жалпы суммасы 86 миллиард еврону түзөт.

Греция ошондой эле жаңы жардам боюнча макулдашуулар учурунда өлкө экономикасын кармап туруу үчүн 7 миллиард евро өлчөмүндө бридж-кредит алат.

XS
SM
MD
LG