Гаагады Эл аралык кылмыш соту Малинин борбордук аймагында жайгашкан Тимбуктудагы байыркы көөнө эстеликтердин кыйратылышы боюнча ишти карай баштайт. Сот процесси ЮНЕСКОнун демилгеси менен башталары эл аралык уюмдун билдирүүсүндө айтылат.
ЮНЕСКОнун баш катчысы Ирина Бокова тарыхый мурастарды жок кылуу маданий баалуулуктарды сактоо жөнүндө Гаага конвенциясына ылайык "аскерий кылмыш" деп тааныларын белгилейт. Тимбуктудагы байыркы мавзолейлерди кайра оңдоо Малиде тынчтыкты жана маданий мурасты калыбына келтирүүгө көмөктөшөрүн Бокова белгилейт.
Тимбуктуда 16 сөөк коюлган тарыхый жайдын сегизи калыбына келтирилди жана калганын үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалган. Учурда экстремист исламчылар талкалаган көөнө байлыкты калыбына келтирүүгө зарыл 11 миллион доллардын үч миңи гана бөлүнгөн.