Борбор калаадагы жугуштуу оорулардын ооруканасына күн сайын орто эсеп менен 65 киши ичеги-карын оорулары менен кайрылышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Ага ылайык, күндүн ысыганына байланыштуу тамак-аш тез бузулуп, андан уулангандар көп болууда.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өздүк гигиенаны сактоого чакырып, “таза кол, таза суу жана таза даараткана” эрежесин сактоо жугуштуу ооруларды алдын алууга жана ага кабылгандардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк түзөрүн эскертет. (ZKo)