Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Согушкерлерге көмөк көрсөткөн деген шек менен мурдагы депутат кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти “Ак-Жол” партиясынан депутат болгон К.М. аттуу жаран бүгүн таңга маал, саат төрттө “Манас” эл аралык аэропортунан кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, ал өткөн аптада атайын операцияда өлтүрүлгөн куралдуу топ менен байланышы бар болгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда соттолгон “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү Тариел Жумагулов аркылуу каражат жана курал-жарак берип турган. Ал куралдар операция болгон жайдан табылган. Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМКдагы ишеничтүү булактар кармалган адам экс-депутат Максат Кунакунов экенин “Азаттыкка” тастыктады.

16-июль күнү Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөн. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, кылмышка шектүү алты адам өлтүрүлгөн, жетөө колго түшүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG