Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Тажикстанда дайынсыз жоголгон аялдын жакындары митингге чыкты


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына митингге чыккан 100дөн ашуун киши менен өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков жана күч кызмат өкүлдөрү жолугушту.

7-июнда Тажикстандын Кожент шаарына базарга барган Баткен шаарынын тургуну Сарахан Нурматова дайынсыз жоголгон. Облустук акимчиликтин алдына чогулгандар кошуна Тажикстандын күч кызматтары дайынсыз жоголгон Нурматованы издөө ишине көңүл кош мамиле жасап жатканын айтып, бийликтен жардам берүүнү өтүнүштү.

Облустук милиция бул иш боюнча Кыргызстанда кылмыш иши козголбогонун, жакын арада тажикстандык кесиптештери менен биргелешкен тергөө, ыкчам иликтөө тобун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан соң чогулгандар тарап кетишти. (JsA)

XS
SM
MD
LG