Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:27

ӨКМ “Кырк чоролор” менен меморандумга кол койгон эмес


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

"Кырк чоролору" коомдук уюмунун идеология бөлүмүнүн жетекчиси Уран Рыскулов чоролор беш министрлик менен чогуу иштешүү тууралуу өз ара меморандумга кол коюшканын “Азаттыкка” билдирген болчу. Алардын ичинде ИИМ, прокуратура, УКМК, Геология жана минералдык ресурстар агенттиги жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бар экени, мындан сырткары Чек ара кызматы жана ӨКМ да бар болгону айтылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Рыскуловдун айткандарын төгүндөп, меморандумга кол коюлду деген маалымат туура эмес экенин айтууда. Маалыматта “Кырк чоролор” коомдук бирикмеси кызматташуу ниетин билдирип, министрликке кат жолдогонун, азырынча ага жооп бериле электиги айтылат. Буга чейин УКМК жана ИИМ да чоролор менен кызматташуу келишими жок экенин айтып чыгышкан.

Соңку кездери “Кырк чоро” уюмунун жигиттери чет элдик эмгек мигранттары иштеп жаткан айрым ишканаларга, сауналарга жана сойкулук менен алектенгендер жайгашкан батирлерге өз алдынча рейддерди уюштуруп келишет. Алардын мындай аракетин айрымдар сындашууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG