Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов атайы операцияда өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү маселеси боюнча комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, операция маалында беш үй-бүлө жабыркаган. Экөөнө социалдык жатаканадан убактылуу бөлмө бөлүнүп берилди. Жашоо үчүн чыгымдардын бардыгын мэрия өзүнө алган. Ал эми жарым-жартылай жабыркаган турак-жайларга керектүү инфраструктуралык түйүндөр тартылууда. Кулматовдун белгилешинче, жабыркагандарга алгачкы материалдык жардам катары 80 миң сомдон каражат берилет.
16-июль күнү УКМК Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөргөн. (КЕ)