Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

ФИФА Кыргызстандын Футбол федерациясына чара колдонот


Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешине байланыштуу ФИФА Кыргызстандын футбол федерациясына үч маселе боюнча дисциплинардык чара колдонот. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысы Асылбек Кадыралиев билдирди. Анын айтымында, оюн учурунда күйөрмандардын файер колдонуусу, фанаттын оюн талаасына чуркап чыгышы жана стадиондун сыйымдуулугунан көп адамдын трибунада болушу боюнча маселелерге чара колдонулары айтылган. Жаза катарында акчалай айып салынып же аталган стадиондо оюн өткөрүү укугунан ажыратуу каралышы мүмкүн.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында болгон Кыргызстан менен Австралиянын футбол курамаларынын беттеши 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн. Оюн 1:2 эсебинде коноктордун пайдасына аяктаган. (ECh)

XS
SM
MD
LG