БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы эл аралык санкцияларды алууга жол ачкан резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Добуш берүү кеңештин вето коюуга укугу бар туруктуу беш мүчөсү - Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия Иран менен Венада 14-июлда жетишкен келишимден соң тек гана формалдуулук катары кабыл алынды.
Резолюция Ирандын ядролук куралды иштеп чыкпоо кепилдигине жооп иретинде экономикалык санкцияларды акырындык менен алууга жол ачат. Ошондой эле келишимдин шарттарын белгиленген мөөнөттө толук аткарууга, БУУга мүчө өлкөлөрдү бул жараянды жеңилдетүүгө чакырат. Ага ылайык, Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Ирандын ядролук милдеттенмелерин текшерүү жана көзөмөлдөө үчүн зарыл чараларды көрүшү керек. Резолюция мындан сырткары Ирандын МАГАТЭ менен болушунча толук кызматташуусун талап кылат.