Донбасста Малайзиянын Боинг-777 учагы кыйрашы боюнча маалыматтарды топтоп жүргөн немис журналисти Билли Сикс (Billy Six) учак кыйраган мүнөттөрдө тартылган тасманы жарыялады. Анда тасма Грабово айылында 2014-жылдын 17-июлунда тартылганы жазылат. Бир жарым мүнөткө созулган бул тасмада аял-эркек капкара түтүн чулгаган талаанын четиндеги жолдо машине менен кетип баратып, аял ачык айнектен уюлдук телефонго тартып жатат. Эркек эмне болгонун түшүнбөй келатып, капыстан чачылган адам сөөктөрүнүн бөлүктөрүн көрүп калат. Айдоочу аз убакыт сыртка чыгат да, кайра келип машинесин артты көздөй буруп айдап жөнөйт.
Үч күн мурда бул кырсыктын бир жылдыгына тушташ Австралиянын News Corp медиакомпаниясы да бир тасманы жарыялаган. Анда жикчилдер учак кулаган соң жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн карап, учак кимге таандык экенин аныктоого аракет кылып жүрүгөнү тартылган.
Украин тарап ал жикчилдер тарабынан Орусиянын БУК системасы менен атып түшүрүлгөнүн айткан. Бирок Москва менен жикчилдер аны четке кагып келет. Эл аралык иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары быйыл күздө жарыяланат.
Амстердам - Куала-Лумпур каттамында учуп бараткан Малайзиянын бул учагындагы 298 адамдын баары каза тапкан.