Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

УКМК: Фтизиатрия борборунда 3 млн. сомдун дайыны жок

Коорупцияга каршы кызмат тараткан маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Фтизиатрия борборунун жооптуу кызматкерлери 2004-2005-жылдары жеке компания менен сүйлөшүп алып, имаратты оңдоо боюнча бир нече тендер өткөрүшкөн. Натыйжада 3 млн. 245 миң сомду мыйзамсыз энчилеп алган деп айыпталууда.

Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылындагы борборго таандык жерден жер тилкесин алып, менчик үй салып алганы аныкталган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө-иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG