Бала бакчаларга лицензия берүү жол-жобосу жеңилдегенден кийин алардын саны эки эсе өскөнүн билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 927 бала бакчада 135 миң наристе тарбияланат. Жалпысынан өлкө боюнча 2-7 жаш курактагы 700дөн ашуун бала болсо, алардын 17 пайызы гана бала бакчага барат. (КЕ)